Уу коргошунду муздак ичүү өлүмгө жеткирет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана  социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев  маалымат жыйында билдирди. Анда министр уу коргошунду өзү ичип, коомго көрсөттү.

Министр белгилегендей, аны бир гана ысык абалда ичүү керек.

«Бул суусундукту муздак ичкен адам 5 мүнөткө жетпей көз жумат. Ошондуктан уу коргошунду жол-жобо менен колдонуу керек. Мен азыр клиникалык тажрыйбадан өтүп жатам», — деди ал.

Ошондой эле, журналисттер тарабынан берилген: «Уу коргошунду кайнаткан атайын фирма барбы?» — деген суроого, министр:
«Ысык-Көл тамыры өскөн жерди курчап алып биз алып жатабыз. Азыркы кезде башка өлкөлөр бул тууралуу билип калса сурай башташат. Уу коргошунду Президент экөөбүз кайнатып жатабыз. Андан башка ким кайнатат?» — деди Бейшеналиев.