Активист Умай Арыкова Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге каршы Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу  ал  өзүнүн Твиттердеги баракчасы аркылуу жарыялады.

Анын айтымында, арыз 16-апрелде Башкы прокуратурага онлайн түрүндө жазылды. Анда ал баш прокурор Курманкул Зулушевден министрдин уу коргошун боюнча айткандарына укуктук жана юридикалык баа берүүнү талап кылган.

Умай Арыкова министрдин аракетине «Саламаттыкка атайлап зыян келтирүү» беренеси менен баа берүү керек деп эсептейт.

«Буга чейин деле онлайн арыз жазып келгем. Алар мага жооп беришкен. Азыр да жооп бериши керек. Дүйшөмбүдө ушундай эле арызды УКМКга өз колум менен алып барып тапшырам. Анткени, министрдин жоругу — улуттук коопсуздукка коркунучтуу. Эл тундурманы ичип, жапырт ууланып, арты жаман менен аякташы мүмкүн. Буга бардык жарандар кайдыгер карабашы керек. Кырдаалды түшүнгөн, билими бар кишилер. Арызды көбүрөөк адам жазса жакшы болмок»,-деген.