Ѳкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүнө иш-сапары менен барды.

Көпчүлүк айылдыктар Кожо-Келеӊ айылындагы кендерден оор жүк ташуучу унаалары менен көмүр жүктөшүп,  Папан айылын айланып өткөн жол аркылуу Ош жана Кызыл-Кыя шаарларына көмүр ташышып соода кылышат.

Айылды айланып өтүүчү жолдун абалы начар жана кооптуу болгондуктан, айдоочулар Ѳкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимовдун жарандарды кабыл алуу күнүндө келишип, жолду чечип берүүнү суранып кетишкен болчу. Ошого байланыштуу иш-сапардын алкагында Ош облус башчысы маселе менен жеринде таанышуу үчүн айланма (объезд) жолду башынан аягына чейин кыдырып, көрүп чыкты.

Андан кийин жергиликтүү тургундар менен жолуккан учурда айылды айланып өтүүчү жолдун абалы начар болгондугуна байланыштуу, оор жүк ташуучу унаалар айылдын ичиндеги жол аркылуу каттай баштагандыгына нааразы экендиктерин билдиришти. Айылдын ичинде оор жүк ташуучу унаалар асфальтты бузуп, көчөдө ойногон жаш балдар жана мектептен чыккан окуучулар үчүн да кооптуу экенин айтышып, тезинен чечип берүүнү суранышты.

Ош облус башчысы Жарасул Абдураимов: “Бир да оор жүк ташуучу унаа айылдын ичи менен каттабашы керек!” деп, айылды айланып өтүүчү жолду 10 күндүн ичинде эӊ кооптуу келген жана бузулган жерлерди оӊдоп берүүсү үчүн техникалар алынып келинип, жол тармагын караган адистерге тапшырмаларды берди.

Мындан ары 90 тоннага чейин жүк көтөрө алган бетондон жолдорду салуу керек экендигин жана кендердин ээлери менен жолугуп, айылды айланып өтүүчү жолду жакшыртуу маселесин Өкмөтто тиешелүү адамдар менен талкуулап, колго аларын билдирди.

Ѳкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы