Коом

Россиянын белгилүү онкологу өзүнүн бейтаптарын «Ысык-Көл тамыры» менен дарылайт

Орус онкологу, медицина илимдеринин кандидаты Сергей Корепанов бейтаптарды дарылоодо «аконит» өсүмдүгүн колдонот, аны эл «Ысык-Көлдүн тамыры» деп аташат.

Бул тууралуу ал «Өсүмдүктөр рактын алдын алуу жана дарылоодо» аттуу китебинде жазган. «Биз топтогон маалыматтар Борбор Азиядагы акониттердин эффективдүү экендигин ынандырат. Акыркы 3–4 жылда биз аларды гана колдондук. 10 г кургак тамырды майдалап, 0,5 литр 40–50 даражадагы спирт эритмесинде 2 жума тундурат. Даяр болгон тундурманы эң көп дегенде 40–45 тамчыдан колдонулат.

Мен суу эритмесин колдонууну кездештире элекмин.  Ал жөнүндө Г.Нандельштедттин макаласынан окудум. Бууланган тешиги бар эмаль табакка жай отто 1,5 г сууга 10 г майдаланган тамырды сорпосу тунук жана таза болуп калганча, 2 сааттай кайнатылат. Ал муздаткычта сакталат. 1 аш кашыктан күнүнө 3 маал тамактануудан 30 мүнөт мурун ичүү керек. Аконит ичкенде жеңил баш айлануунун пайда болушу – бул жогорку дозаны чектөө үчүн белги. Кийинки курста организмдин көнүп калгандыгына байланыштуу дозанын көбөйүшү мүмкүн.

Кычкыл сүт жана пияз аконитке каршы дары деп эсептелет. Керек болсо, ашказанды жууш керек. Сырткы рак ооруларынын жараларныда суудан жана спирт ичимдиктеринен бир аз нымдалган марли салфеткалар менен күнүнө 2–3 маал компресс жасалат. Ошондой эле жакны турган тери зоналарына жана жакынкы лимфа бездерина дагы иштетилет», – деп жазган Корепанов өз китебинде.

Маалымдама: Россиялык онколог, медицина илимдеринин кандидаты Сергей Корепанов чөп дарыларын колдонуу менен онкологиялык оорулууларды калыбына келтирүү боюнча эффективдүү методдордун автору. Анын артында 35 жылдан ашуун клиникалык тажрыйбасы бар.

Алтай регионалдык онкологиялык диспансеринде гинекологиялык онколог болуп иштеп жүрүп, Сергей Корепанов дары чөптөргө кызыгып, рак өсүмдүктөрүн дарылоодо дары өсүмдүктөрүнө маани берген. Ал бул темага сүңгүп кирип, бүткүл өлкө боюнча курстарга жана семинарларга барып, анын билим чөйрөсү ошончолук кеңейип, аны адамдар менен бөлүшүп, алмашууга туура келди.

2003-жылы, РБ СБ, Томск Фармакология Институтунда Сергей Валериевич «Дары өсүмдүктөрү жергиликтүү өркүндөтүлгөн эмчек рагын комплекстүү дарылоодо» деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон. Ал Россиянын Фитотерапиялык Коомдун мүчөсү. Чөптөрдү дарылоо тармагында ондогон илимий макалалардын жана эки монографиянын автору.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button