Коом

Быйылкы окуу жылы канчасында аяктайт? Министрдин жообу

2020–2021-окуу жылы бардык жалпы билим берүү уюмдарында 25-майда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 9–11-класстын окуучулары үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин өтөт.

«9–11-класстын бүтүрүүчүлөрү математика (алгебра), эне тили (кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдери), Кыргызстандын тарыхы, кыргыз тили (орус, өзбек, тажик тилдеринде окутуу жүргүзүлгөн мектептерде) жана орус тили (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде) предметтеринен экзамен беришет», — деп жазылат маалыматта.

Мамлекеттик аттестация ар бир мектептин окуу планына ылайык предметтик комиссия тарабынан жүргүзүлөрү айтылды. Алар жыйынтык бааларды чыгарууда текшерүү иштеринин, практикалык жана лабораториялык иштердин жыйынтыгын жана окуучулардын чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алары кошумчаланды.

Эске салсак, былтыр окуу жылы коронавирус пандемиясынан улам 30-майда аяктаган.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button