— Шамшыбек мырза, 15-апрелде ИИМдин имаратынын алдына “Айзаданын өлүмү” тууралуу митинг болду. Бул митинг канчалык деӊгээлде кимге керек эле?
— Бизде сөз эркиндиги, адам укугу, эркин көз караш, ачык ой айтуу дегендерге жол ачык эмеспи. Бул жааттан алганда ар ким өз пикирин айтууга укуктуу. Бирок, мыйзам алкагынан чыкпай, анын негизинде, тиешелүү жерде өз ойлорун айтса болот. Ооба, каза болуп калган кызга байланыштуу митинг дешти. Чынында абдан кайгылуу окуя орун алды. Жакындарына кайгыруу менен көӊүл айтам. Арийне, бул окуяга ИИМ тутуму таптакыр кайдыгер карап жатып алган жок да. Өз милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн милициялар тиешелүү жазаларды алышты. Кыргызда “Чапкан сайын көз чыкпайт” — деген кеп бар. Анын сыӊары, көчөгө чыга калып эле митинг кылып, жеке кызыкчылыктарды ишке ашыра беребиз дегенден өйдө бололу. Көчөдө кыйкырбай, келгиле кеӊешип кесели, чогуу олтуруп сүйлөшөлү. Мына ошондо маселелер чечилет. Дегеле, коом өзү митингдерден тажады. Болгондо да бирөөнүн кайгысынан, өлүмүнөн пайда көздөгөн куру кыйкырыктардан тажады.
— Алар 44 кызматкер эмес министр кызматтан кетсин деп жатышпайбы. Бул талап канчалык реалдуу?
— Биринчиден ал окуя орун алган маалда министр чет мамлекетте иш сапарда экен. Укук коргоо, кылмыштуулук жаатында эл аралык мамилелер алкагында ыкчам кеӊешмелерде жүрүптүр. Бирок, бизде “Жеке жетекчинин күнөөсүбү же системанын катасыбы?” — деген суроо туулушу керек да. Бул алкактан алганда министрди кызматтан кетсин деш акылга сыйбайт. Башкасын айтпайлы, эгер ошол окуя учурунда министр Тажикстанда иш сапарда болбостон бул жерде болгондо да моралдык жоопкерчилиги болот эле. Мындайча айтканда ИИМ деген бир эле министр эмес, ал чоӊ система, чоӊ тутум. Анда ар бир ишти көзөмөлгө алып, талдап турган жетекчилер, аткара турган кол алдындагы кызматкерлер бар. Ошон үчүн иш жакшы жүрсө кызматкерлер сыйланып, ката кетирсе жаза алышат. Бул сапар да ошондой болду. Коом болгондон кийин, адамзат болгондон кийин ар кандай күтүлбөстүк окуялар болуп кетиши турган иш. Милиция деген мына ошондой күтүлбөстүк, каргаша, кылмыштын алдын алууга, болтурбоого, эгер кылмыш жасалса аны ачууга, кылмышкерди табууга ар качан аракетин көрүп келет. Андыктан милицияны бир беткей каралоо туура эмес. Ошол сыӊары эле ар бир катталган кылмыш же каргаша окуя үчүн министрди кызматтан кетсин дей берсек анда бизге күнүгө бир эки министр алмаштырып турушубуз керек болот. Бул бизге жакшы натыйжа береби? Жок! Системаны өлтүрөт, кадрдык баш аламандыкты жаратат, анан барып милицияны жоготобуз. Милиция жоголсо коомдо хаос башталат. Андыктан ачууга алдыраардан мурда акылга да салып иш жасоо керек.
— Ушул окуядан улам коомчулукта “Жаӊы кабыл алынган мыйзамдар милициянын иштешине кедерги болууда” деген пикир ачыкталды. Дегеле, 3 жыл мурда кабыл алынган укук коргоо органдары боюнча мыйзам тууралуу эмне айта аласыз?
— Бул жерде таяктын эки учу бар деген кептей болуп атат. Чынында ошол мыйзамды кабыл алып жатканда юристтер экиге бөлүнүп кеткен. Бир тарабы милициянын ишине тоскоол болгон, аймактык тескөөчү, ыкчам кызматкер дегендердин колу бутун байлаган бир топ алешемдиктер бар. Экинчи тарабы “жок, бул укмуш. Мындан артык мыйзам болбойт” — деп атат. Талашып олтура берүү менен иш жылбайт. Чындыгын айтсак бул бет маӊдай олтуруп алып, кеӊешүү жолу менен бул мыйзамды кайра карап чыгуу керек! Жөн гана карап чыкпай, тиешелүү адистер менен талдап, оӊдоп, заманга, шартка ылайык реалдуу мыйзамды ишке киргизүү керек. Өзүӊөр ойлоп көргүлө, милиция кызматкери болсо, форма кийип, погон тагынып жүрсө анан эле кылмыш ачуу же кылмышкерди кармоодо мыйзам жол бербей, колу буту байланып турса болмок беле?!. Ага биз дагы, коомчулук дагы жол бербейбиз. ИИМ иштеши керек, мыйзамдарды оңдойлу, обу жок митинггдерге барбайлы. Өлкөбүзгө өнүгүу жана тынчтык керек.
Кубаныч Зайнидинов