Бүгүн, 17-апрелге караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 265 адам коронавирус жана пневмония менен катталды. Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб билдирди.

Жаңы катталгандар:

— Бишкек шаарында 148 адам;

— Чүй облусунда 80 адам;

— Ысык-Көл облусунда 12 адам;

— Жалал-Абад облусунда 6 адам ;

— Нарын облусунда 6 адам;

— Ош шаарында 3 адам;

— Ош облусунда 4 адам;

— Баткен облусунда 2 адам;

— Талас облусунда 4 адам.

Муну менен Кыргызстанда пандемия башталгандан бери жалпы 91 миң 639 адамга коронавирус жукту.