Президент Садыр Жапаровго куюп койгондой окшош Аскар Байдилдага бир нече кийим-кече дүкөнүнөн модель болуп берүү сунушу түшүп, ал макулдугун берди. Бул тууралуу маалыматты Байдилда өзү жергиликтүү ЖМКлардын биринин кабарчысына тастыктаган.


«Бишкектеги эки кийим-кече дүкөнүнөн сунуш болуп, макулдугумду бердим. Азыр иштешип жатабыз. Бул тармак мен үчүн жаңы нерсе. Кызыгуум бар, иштешип көрөйүн дедим», — деди ал.

Аскар Байдилда Бишкекте Медициналык академияны аяктаган казакстандык жигит. Кесиби боюнча невропатолог. Учурда Бишкекте балдарды укалоо борборун ачып иштеп жүрөт.

Жыл башында социалдык тармактардын колдонуучулары аны президент Садыр Жапаровго окшоштуруп, ошондон тарта таанылып калган.