Чайлашуунун маанилерин биле жүргөнүңүз оң!
Жолугуп чай ичели — сиз менен жолугуп, кенен маек куралы. Шашпай отуруп сүйлөшөлү дегенди түшүндүрөт.
Чай үстүндө сүйлөшөлү — формалдуу эмес маек. Өз адамдар менен сыр төгүшүү, маектешүү.
Чайга чакыруу — чоң маселелерди чечүү үчүн жасалат. Ким чайга чакырса, маселени чечүүгө ошол адам кызыкдар болот. Кыргыз саясатында чоң кызматтар чай үстүндө чечилери айтылып келет.
Мен сизди чайга чакырам — бирөөгө ыраазычылык билдирүү. Рахмат айтуунун белгиси. Сый билдирүү, коноктоо болуп эсептелет.
Чай карыз болдум — жарашуу максатында болушу мүмкүн. Бир адамды таарынтып, же андан кечирим суроо керек болсо чайга чакырылат.
Конокторго чай куюп, үй ээси өзүнө куйбай койсо — келгендердин батыраак кетүүсүн каалап жаткан белгиси.
Келген конокко чайга чакырбай койсо же муздак чай куйса — жактырбагандыктын белгиси.
Чайды толтура куюу — ушул чыныны ичип бүтүп, кете бериңиз деген белги.
Чайлашуу — шерине өткөрүү. Жоролор, санаалаштар кезектешип чайлашып, бири-бириникине конок болушат.
Чай ичип кетпейсиңби — шашпай отурбайсыңбы деген маани.
Чайга кара — алагды болбо, дасторконго көңүл бур деген кеп.
Чай алып кел — дастаркон жай дегенди түшүндүрөт.
Чай кайнам — убакыт чен-өлчөмү катары колдонулат. Болжол менен 15-20 мүнөт.
Интернет булактарынан алынды.