Социалдык тармактын колдонуучусу Адилет Касеев уу коргошун маселеси тууралуу төмөнкүдөй пикирин билдирген:

«Достор, келгиле, ушул ыйык айда Президентибизди жана Министрибизди урушуп, алардын жаңылыктарын шылдыңдабайлы!
Бул каражаттын эффективдүүлүгү далилденбеген болушу мүмкүн, бирок кыргыздар аны илгертен бери эле колдонуп келишкен (биздин чоң аталарыбыз жана чоң апаларыбыз), айыгып кеткен учурлар болгон, тилекке каршы булардын баары далил катары каражаттын жоктугунан эч жерде катталган эмес.
Биз эч качан бири-бирибиздин жетишкендиктерибиз сүйүнүп, сыймыктана албайбыз, бирок көрө албастык кылабыз.
Келгиле, бул каражатка мүмкүнчүлүк берели, ал башка дары-дармектерге окшош жана турмушта колдонулуп, жашоого толук укугу бар. Дүйнөдө терс таасирлерин жаратпаган бир дагы дары жок.

Бардык каражаттар рандомизацияланган сыноолордон өтүшү керектигин түшүнөм, ошондуктан мекендештерибизди колдоп, бул каражаттын эффективдүүлүгүн далилдейли, иликтөөлөр, колдонуулар толук боло электе, эрте жүйөөлөрдү келтирүүгө аракет кылып, изденбейли.

Биз эркин мамлекетте жашайбыз жана тандоо укугубуз бар!!!» — деп жазган Касеев.