Кыргызстандагы ооруканалардын биринде дарыланып жаткан Жусупова Замира уу коргошун ичип, дарыланып жатканы тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
— Мен 7-апрелде темпаратура менен түшкөм, буюрса жакшы, температура, жөтөлүм жок, дарыгерлер дары уколдордун баарын жасап, абалыбызды сурап турушат, сатурацияны ченеп жатышат. Бир аз убакыт өктөндөн кийин чөп дарыны сунушташты. Өз каалообуз менен ичип жатабыз, жардам берип жатат, жылыш бар, жөтөл басылды, көкүрөк жибип, какырыктар чыгып баштады. Бир күндө эки маал, эртен менен кечинде ысык алып келишет, уурттап, ысыгынча ичкиле дейт, бизге жакты, өзүбүз сурап да ичип жатабыз.