Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын Баткен аймагынан чыккан туңгуч лауреаты, өрүкзарлуу Лейлек жергесин ааламга жар салган акын Курбаналы Сабыровдун 79, Лейлек «Поэзия Күнүнүн» 30 жылдыгы зор салтанат менен белгиленди.
Майрамда жаңы чыккан китептердин бет ачары жүз берип, обологон обондорго, акындардын жаңы саптарына көңүл кушу көкөлөдү.
Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган Covid пандемиясынан кийинки ыр-майрамга атактуу акын-жазуучулардан тартып, жаш канат калемгерлер, жөн эле ыр ышкыбоздору менен поэзия күйөрмандары катышып, ак дилден баарлашуу жүрөктөрдү жылытып, жаркын маанай тартуулаганы менен эсте калды.
Сүрөттөрү авторго жана журналист Буурайма Худайбердиевага тааандык.
 
     
Абдиллабек Авазов, Исфана шаары. 17-апрель, 2021-жыл. Райондук маданият Үйү