Бүгүн, 17-апрель күнү А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын чоң сахнасында 20 жылдан кийин «Ак-Мөөр» опера-дастаны кайран жаңыртылып коюлду.
Ага Президенттин Аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, Өкмөт мүчөлөрү жана жалпы коомчулук катышты.
Опера-дастандын дирижёр-коюучусу Кыргыз Республикасынын эл артисти Жумакадыр Каныметов, койгон режиссёр Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Искендер Сартбаев, койгон сүрөтчү Кыргыз Республикасынын эл артисти Маратбек Шарафидинов, балетмейстер-коюучу Тилек Кийизбаев, хормейстер – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Карагул Тиленчиев. Либреттосун жазган Кыргыз Республикасынын эл акыны Акбар Рыскулов.
Аталган операны кайрадан калыптандырууда формалар жаңыртылып, чыгармачыл курам дагы өзгөртүлдү.
“Ак- Мөөрдүн” ролунда эл аралык сынактардын лауреаты Айзирек Момунова, “Болоттун” ролунда – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Тилек Найманбаев, “Жантай-Хандын” ролунда – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кайымбек Кускаков, “Күлүйпанын” ролунда – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гульнур Ниязбаева, “Ажалдын” ролунда – Салиа Маматова, “Бугу-Эне” – Бактыгуль Бокоева, “жарчы” – Мурат Дербишалиев, “Жаштык”- Анипа Ибраевалар аткарышты. Опера–дастан 2 көшөгөлүү жана музыкалык драма стилинде коюлуп, коомчулук тарабынан жылуу кабыл алды.
Эске салсак, аталган операнын алгачкы жолу кыргыз сахнасында мындан 20 жыл мурун Кыргыз Республикасынын эл артисти Керим Турапов — Болоттун ролун, ал эми Ак-Мөөрдүн ролун Кыргыз Республикасынын эл артисти Эсенбүбү Нурманбетова аткарган.