Египетте поезддеги кырсыктан каза болгондордун саны 11ге жетип, 98 адам жаракат алды. Бул тууралуу Egypt Today басылмасы өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 18-апрелде орун алган. Поезд Мансур шаарынан борбор калаа Каир шаарына бара жаткан. Кальюбия провинциясына жеткенде рельстен чыгып кетип аңтарылып калган.

«Президент Абдель Фаттах ас-Сиси кырсыктын келип чыгышын тез арада иликтеп, жабыркагандарга жана каза болгондордун жакындарына компенсация төлөп берүү тапшырмасын берди», — деп жазылат маалыматта.

Бул Египетте акыркы жылдардагы биринчи темир жол окуясы эмес. Марттын аягында Сохаг провинциясынын Тахта шаарындагы жолдун бир бөлүгүндө эки поезд кагылышкан. Египет темир жолунун билдиришинче, кырсыкка чейин жүргүнчү ташыган поезд күтүүсүздөн токтоп анын артынан келе жаткан поезд сүзүп алган, ичиндеги токтотуу кранын кимдир бирөө тартып алган. Кырсыктын кесепетинен 19 адам каза болуп, 185 адам жаракат алган. Египеттин Башкы прокуратурасы окуя болгон учурда поезддердин биринин айдоочусу жана анын жардамчысы жумуш ордунда жок болгонун аныктады.