Кыргызстанда балдарды полиомиелитке каршы эмдөө башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эмдөө 19-апрелден 19-майга чейин жүргүзүлөт, 2016-жылдын 1-апрелинен 2018-жылдын 15-февралына чейин төрөлгөн балдар полиомиелитке каршы вакцина (IPV) алышат.

Өлкөгө вакцина келгендиктен эмдөө акысыз жүргүзүлөт.

Аталган мекемеден өнөктүктүн максаты эмдөөнү өткөрүп жиберген балдардын 95 пайызын эмдөө менен камтуу экендигин белгиледи. 270 миңден ашуун баланы эмдөө пландалууда.

Полиомиелит — бул кооптуу жана өлүмгө алып келүүчү жугуштуу оору. Илдеттин дарысы жок болгондуктан, полиомиелитке каршы эмдөө балдарды коргоонун бирден-бир коопсуз жана натыйжалуу жолу болуп саналат.