Үстүбүздөгү жылдын 9нан 15-апрелине чейин Бишкек шаарынын аймагында 5 миң 294 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

– мас абалында автоунаа башкаруу – 47;
– автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо – 11;
– айдоочулук кубөлүгү жок унаа башкаруу – 70;
– авто ээнбаштык – 1;
– башка жол эрежелерин бузуулар – 4 076.

478 автоунаа ар кандай бузуулар үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Бишкек шаардык милициясы боюнча Милициянын кайгуул кызматы жол эрежесин так сактоого чакырат.