Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодон четтетилди. Бул маалыматты бүгүн, 19-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы тастыктады.

Мындай чечим Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан чыгарылган.

«Бул УКМК менен Биринчи май РИИБ берген шайлоо мыйзамын бузуу жөнүндөгү материалдарга байланыштуу», — деп айтылат маалыматта.

Сөз шайлоо күнү жүргүзүлгөн үгүт иштери, шайлоочулардын добушун сатып алуу, шайлоо кампаниясындагы каржылык мыйзам бузуу тууралуу болуп жатат.

Партия бул чечимге макул болбосо, 3 күндүн ичинде БШКга кайрылууга укуктуу. Шайлоонун алгачкы жыйынтыктары менен аталган партия 8 мандатка ээ болгону жарыяланган болчу.