Кыргызстандык спортчу Дарья Маслова Душанбе шаарынын күнүнө арналган эл аралык мелдеште жарым марафондун жеңүүчүсү болду.
Маслова 1 саат 12 мүнөт 2 секундда 21,1 чакырымды чуркап өткөн. Жыйынтыгында бул көрсөткүчү менен алтын медалды жеңип алган. Күмүш медалды өзбекстандык, коло байгени тажикстандык спортчу алган.
Белгилей кетсек, Испаниянын Валенсия шаарында өткөн лицензиялык марафондо Кыргызстандык спортчу Дарья Маслова 42 километр 195 метр аралыкты 2 саат 28 мүнөт 19 секундда чуркап өтүп, олимпиадалык нормадан бир мүнөткө эрте келип, Токиодо өтүүчү олимпиада оюндарына лицензия утуп алган.