Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус жана пневмония оорусу 212 адамдан аныкталып, 6 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Сутка ичинде коронавирус аныкталгандардын көбү:

Бишкек — 152
Ош — 4
Чүй облусу – 22
Ош облусу — 2
Талас облусу — 0
Нарын облусу — 12
Ысык-Көл облусу – 18
Жалал-Абад облусу – 2
Баткен облусу — 0

Муну менен өлкөдө коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 92 миң 95ке жетти.

Маалыматка ылайык, коронавирустан каза болгондордун ичинен 4 адам Чүйдө, 2 адам Бишкек шаарында катталган.

2020-жылдын март айынан бери  коронавирус жана пневмония оорусунан каза болгон адамдардын жалпы саны 1 миң 555ке жетти.