Журналист Эрмек Муратбек уулу  өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн убактылуу басма сөз катчысы болуп дайындалды. Маалыматты Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлугүнүн маалымат кызматынан тастыкташты.

31 жаштагы Эрмек Муратбек уулу 1991-жылы 26-мартта туулган.

2008-жылы Курманжан Датка атындагы орто мектебин аяктаган.

2012-жылы ОшМУнын Менеджмент факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 2012-жыл  “Ош Тв” да корреспондент болуудан баштаган. 2017-жылы Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматында андан соң “Ынтымак” теле каналында иштеген.

«Пирамида» каналынын түштүктөгү координатору болуп эмгектенип келген.

Эске салсак, мурдагы басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбек кызы, кеңешчи болуп дайындалган.