Кадырбек кызы Нуркыз Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси болуп дайындалды. Маалыматты Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлугүнүн маалымат кызматынан тастыкташты.

Буйрукка Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов кол койду. Кадырбек кызы Нуркыз буга чейин 2018- жылдан бери Өкүлдүн маалымат кызматын жетектеп келген.

Ал 1978-жылы 5-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районунда төрөлгөн. 1996-жылы мектепти артыкчылык менен аяктаган.

2001-жылы Ош МУнун  филология, 2012-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунун укук таануу факультетин артыкчылык диплом менен аяктап, 2015-жылы КР дин Президентине караштуу башкаруу Академиясынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча магистрлик ишин коргогон. 2015-жылы АКШ дан мамлекеттик департаментинин “Саясаттагы лидер айымдар” мектебинин окуп кайткан.

2001-жылы Ош МУ да окутуучу, 2002 –2009-жылы тарбия иштери, сырткы байланыштар  боюнча декандын орун басары болуп иштеген. 2000-жылдан бери “Эл ТР” КТРК сында эмгектенип, 2009-2014-жылдары  маданий-музыкалык көрсөтүүлөр бөлүмүндөгү продюссер катары эмгектенип, жападан жалгыз мамлекттик тил тууралуу «ТИЛИБИЗ-ТИРЕГИБИЗ”, Мамлекеттик баалуулуктарды ар тараптуу даңазалоочу «Арыба, Ата журт!» “Ишембиде кечинде”, “Асылзат” телепрограммаларынын автору жана алып баруучусу катары таанылган.

2009-2010-жылдары КР дин Президентине караштуу жаштардын Ош областтык мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасынын орун басары катары тил жаатында эмгектенген.

2011-жылдан бери “Республикалык “Кыргыз тили” коомунун” түштүк аймагы боюнча жетекчиси, вице-президенти.

2010-2012-жылдары Ош облустук мамлекеттик администрациясынын байкоочу кеңешинин мүчөсү болгон.

2012-жылы Ош шаардык кенешинин 4-чакырылышынын эң жаш депутаты болуп шайланган.

2015-жылы “АСЫЛЗАТ” айымдар коомунун президенти болуп шайланган. 2015-2017-жылдары “7-канал” ТРК сынын Ош өкүлчүлүгүнүн жетектеген.

2017-2018-жылы жеке компанияда юрист, 2018-жылдын декабрь айынан бери КРдин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы, 2019-жылдан бери Кыргызстан аялдар кеңешинин Ош облустук бөлүмүнүн төрайымы кызматын аркалаган. Ошондой эле Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.