Коомдук ишмер Чолпонбек Абыкеев Фейсбуктагы баракчасына,  ооруга кесир сүйлөп шылдыңдап күлкүгө алса болбой турганын жазды.

“Кесир сүйлөгөн жаман. Өзгөчө ооруга кесир сүйлөп шылдыңдап күлкүгө алса «Сага күлдүрө жетип күйгүзөм» дейт имиш. Бир таанышым эртелеп чалып «Тигиниң экөң дагы кайсыл чөптөн дары жасай турган болдуңар»- деп калчу эле эки күндөн бери үнү чыкпай калган. Көрсө аты жаман ооруга шектелип ооруканага түшүп калыптыр. Аялы чалып «Чын эле уу коргошун мыкты дары экен деп жатышат.Тааныштарың болсо сүйлөшчү. Айтпай эле беришсин. Өзү аны ичпейм деп кежирленип жатат Денэ табынын ысыгы түшпөй жөтөлүп кыйналып жатат.»- деп ыйламсырайт.

Биринчиден менин андай таанышым жок. Экинчиден болсо да «бергиле»- деп айта албайм. Анткени өзү суранышы керек. «Мени ошол уу коргошун менен дарылагыла. Өзүм макулмун»- деп дедим. Ашыкча ооз чойгондор арыдан-бери болсоңорчу?”-деген.