Бүгүн, 19-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун Савай айылынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрүүдө.

Буга чейин 1-апрелде Кара-Суу районундагы 50 гектар жерди Өзбекстанга өткөрүлүп берилет деген имиштер боюнча жергиликтүү  тургундар, жергиликтүү бийликке бир нече жолу кайрылгандан кийин митинг өткөн.

Эске салсак, буга чейин айыл тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы тоого төрт боз үй тигип, Кыргыз Республикасынын желегин илишкен. Митингчилер УКМКнын башчысы менен жолугушууну талап кылышкан.

Ташиев өз сөзүндө, бир метр жер ашыкча берилбей турганын белгиледи.  100 гектар жер  берилет деген бул провакотор, ушакчылардын сөзү деди.