Улуттук статистика комитетинде эл каттоо жараяны аяктады. Бул тууралуу аталаган мекемеден билдирди.

Маалым болгондой, өлкө боюнча жалпы 6 млн 637 миң жаран бар делип катталган. Анын ичинен 34 пайызы шаар жерин, 66 пайызы айыл жерин турактайт. Жалпы калктын 35 пайызын балдар, 57 пайызын орто курактагы адамдар, 8 пайызын карылар түзөт.

Ошондой эле Кыргызстанда 100гө жакын улут жашаары белгилүү болгон. Анын 4 млн 896 миңи (73,8%ы) — кыргыздар, 985 миңи (14,9%ы) — өзбектер, 341 миңи (341 миңи) — орустар, калганы — башка улуттар.

Мындан башка да маалыматтар менен Улуттук статистика комитетинин расмий сайтынан таанышсаңыз болот.