Бүгүн, 19-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун Савай айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрүүдө.

Анда Ташиев Барактагы 208 гектар боюнча суроого жооп берип, 100 гектар жерди берип койду деген туура эмес маалымат экенин айтты.
«Барактагы 208 гектар жерди алып коюп бизге 100 гектар берип койду деген маалымат туура эмес. Барактын 208не 208ди алганбыз. Биз 100 гектарды кошумча алдык. 25 жылдан кийин эгерде биз азыр чек ара маселелерибизди бүтүрүп ала турган болсок чек ара маселеси чыкпайт. Себеби чек араны азыр тактап жазабыз, Жогорку Кеңештен ратификация кылабыз, президент колун коет, мыйзам кабыл алынат, бул жер меники, бул жер сеники деп толук чектелет. Чектелген соң эч кандай маселе болбойт», — деди Ташиев.