Вице-премьер-министр, экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков маалымат жыйын учурунда коррупция боюнча мамлекетке түшкөн каражаттар кайда жумшалып жатканын айты.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө депозиттик эсепке 2 млрд сомдон ашык акча каражат түштү.

“Ал эми мамлекеттик органдар айтып жаткан 4 млрд сом деген, ал кыймылсыз мүлк менен кошуп айтылып жатат. 2 млрд сомдон бир аз ашык суммадагы каражаттын 1 млрд 836 млн сому медкызматкерлерге берилет. Белгилүү болгондой, 1-апрелден тарта үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медиктеринин айлык акысы 100%га жогорулатылган. Ошондой эле стационарда иштеп жаткан медкызматкерлердин маянасын 1-июлдан баштап 50%га көбөйткөнбүз. Бул каражаттар айлык акы төлөөгө булак катары колдонулат”, — дейт ал.

Вице-премьер кошумчалагандай, депозиттик эсептен 100 миң сомго чейинки насыя алган жарандардын үстүк пайызын төлөөгө 727 млн сом жумшалган.

Эскерте кетсек, негизги суммасы 100 миң сомдон ашпаган насыя алган жарандарга декабрь, январь жана февраль айларында насыянын үстүк пайызын төлөөгө жардам берүү боюнча өкмөттүн токтому чыккан.