Талас облусунда жашаган үч томолой жетим балдарга турак жай куруу үчүн жер тилкелер берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ата-энеси жок жана камкордуксуз калган балдарга турак жай жана жер тилкелери кезексиз берилүүгө тийиш.

«Талас шаардык прокуратурасы тарабынан аталган шаардын мэринин наамына мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө сунуш киргизилип, аны кароонун жыйынтыгы менен өспүрүмдөр К.А. уулу жана М.Б. экөөнүн ар бирине 0.6 гектар жер берилди.

Ошондой эле Манас райондук прокуратурасы ушул эле райондогу Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысына прокурордук акты киргизип, натыйжада турак жайы жок Д.А. аттуу өспүрүм жер тилкесине ээ болду. Бүгүнкү күндө берилген жерлерди каттоо жана аларга укук таануучу документтерди алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.