-Ашыркул мырза, 15-апрелде ИИМдин алдында өткөн митингге карата ой-пикириңизди уксак?

-Мен ички иштер органдарында 34 жыл эмгектенген ардагер катары кечээ жакында ИИМдин алдына келген митингчилерди уюшулган топ  деп баалайт элем. Анткени, ал жерге келген адамдардын арасынан туруктуу, көрүнүктүү адамдарды байкай алган жокмун. Мен муну өз көзүм көргөнүм үчүн айтып жатам. Ал жерде Рита Карасартова, Нурбек Токтакуновдор, дагы бир аксакал киши жүрдү, башка эч ким болгон жок.

Рита Карасартова колуна «Министр кетсин!» деген плакат алып алыптыр. Бул аял өзү кезинде мамлекеттик кызматта иштеген. Ал иштеген сегиз ай аралыгында бир да жолу митинге чыккан эмес, плакат көтөргөн эмес. Ал эми кечээги кылган иши-Ританын эки жакка иштеген сыяктуу болуп атканын көрсөтүп турат. Кызмат берип койсо унчукпай калат. Кызматтан кеткенден кийин плакатка сөздөрдүн баарын жазып алып, митинге чыгып жатат. Ал эми Нурбек Токтакунов-ал адвокат. Адвокаттардын мыйзамында анын кандай иштерге катышуусу керектиги, кандай иштерди алып баруусу керектиги жазылып турат. Мен бул экөөнө карата ардагер катары пикиримди айттым, калган нерсени өздөрү ойлонуп,  өздөрү чечсин.

Митингге катышкандардын көпчүлүгү жаштар экен, мен алар менен сүйлөштүм. Мыйзамды кээ бирлери билет, айрымдары билбейт, анткени окушкан эмес. Жөн эле жанагындай плакаттарды жазып алып, кыйкырып турушат. Көптөгөн окуяларды баштан кечиргенбиз. Кезинде эл туура түшүнүп, ИИМди колдоп берген. Бүгүнкү күнү Ички иштер министрлиги болбосо, өлкөдө хаос болот. Бүгүнкү күнү ИИМ бар үчүн, Кыргызстанда абал туруктуу сакталууда. 11-апрелде референдум өтүп, Конституция кабыл алынды. Жаңы мыйзамдар тез аранын ичинде каралып чыкпаса, бул көрүнүш кайталана берет. Жаңы кабыл алынган мыйзамдар боюнча презентация болуп жатканда мен тергөөчү катары Чүй ОИИББнын өздүк курамынын алдында бул туура эмес болуп жатат, эрте кабыл алынып жатат, эртең жооп берип калабыз, ыкчам  кызматкерлердин, милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрүнүн колдорун бууп койдук, баарын тергөөчүгө берип койдук деп айттым эле. Анда биз 2 жыл кыйналабыз, анан бары өз ордуна келет деп айтылган. Мынакей, ошол нерсе өз ордуна келбестен, минтип башаламандык болуп жатат.

Кылмыштуулук болуп келген, боло берет. Анын баарын көтөргөн ИИМ, милиция кызматкерлери. Аларга колдоо көрсөтүш керек, убакыт бериш керек. Ардагер катары айтаарым, сүйлөгөндө этият болсок, берилген сунуштарды, туура ченемдерди кабыл алсак дейт элем. Мен болуп өткөн митингдерге катыштым. Министрдин кызмат ордун  «политическая должность» деп коет. Ал бир эле адам. Ар бир облустарда, аймактарда милиция башчылары бар. Ар биринин мыйзам ченемдүү аткарып жаткан жумуштары бар.  10 кишини чакырып алып, «Министр кетсин!» деп эшиктин алдында кыйкырып туруунун өзү-жапайычылык! Министр Премьер-министрдин сунушу менен Президент тарабынан дайындалат. Министр өзүнүн ишин аткарып жатат, ага да убакыт керек. Эгерде ар бирибиз чыга калып «Бул кетсин, тиги кетсин!» дей берсек, эртең бөлөк жерге барып кыйкырышыбыз мүмкүн. Мунун баары мен жогоруда мен белгилеп кеткендей, уюшулган ченем болуп жатат. ИИМ өзгөчө режимдеги обьект болуп саналат, анын жанына келбеш керек. Мыйзамды сактап, митинг үчүн бөлүнгөн жайларга барышсын, ЖМКлар аркылуу чыгып сүйлөшсүн. Митингчилер өздөрү мыйзам бузуп атышат, ошого карата биз да чара көрүшүбүз керек.

АШЫРКУЛ АСАНОВ

 Чүй ОИИББнын Ардагерлер кеңешинин төрагасы