Бишкек шаарынын айрым аймактарында убактылуу суу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сууну өчүрүү Кызыл Аскер конушуна, 110-кварталга, Достук кичи районуна таасир этет.

«Жай мезгилине даярдануу максатында “Западный” суу алуучу жайындагы жана Бишкек шаарынын суу түтүктөрүндөгү жумуштарга байланыштуу 20-апрелде саат 09:00дөн кечки 22:00гө чейин Садыгалиев көчөсү, Чоң Чүй каналы (Пригородное), Ала-Арча дарыясы жана темир жол линиясы менен чектелген аймакта, анын ичинде Волков, Кустанай, Садыгалиев көчөлөрү жана Чоң Чүй каналынын аянтында ичүүчү суу убактылуу үзгүлтүккө учурайт», — деп жазылган маалыматта.

«Бишкек суу канал» өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгы, «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктардан жана уюмдардан ичүүчү сууну камдап алууну өтүнөт.