2021-жылдын 1-апрелине карата Өзбекстандын туруктуу калкынын саны 34,7 млн. Республиканын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, ушул жылдын башынан бери өлкөнүн калкы 136,7 миң адамга көбөйгөн.

Бөлүм белгилегендей, жыл башынан бери республиканын калкы орто эсеп менен айына 45,9 миң адамга көбөйүп, туруктуу калктын өсүү темпи 101,9% түздү.

Эгерде калктын өсүү темпи биринчи кварталдагы көрсөткүч менен улана турган болсо, анда жыл аягына чейин Өзбекстандын калкы 35 миллион адамдан ашат деп божомолдоого болот.

А эми Кыргызстанда, Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча жалпы 6 млн 637 миң жаран бар делип катталган. Анын ичинен 34 пайызы шаар жерин, 66 пайызы айыл жерин турактайт. Жалпы калктын 35 пайызын балдар, 57 пайызын орто курактагы адамдар, 8 пайызын карылар түзөт.