Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Маданият айылындагы №42 мектептин курулушунун бүткөрүлүшү 90%ды түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттиги билдирди.

Объекттин курулушу 2020-жылдын январь айында башталган, долбоордук кубаттуулугу 225 орунду түзөт.

Бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан ичи-сыртын келбеттердин сырдоо иштери аяктооодо. Учурда эмерек менен камсыздоо жана аймакты абаттоо боюнча жумуштары жүргүзүлүүдө.

Мектептин курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун насыя каражаттарынын эсебинен каржыланат. Сметалык баасы 890 миң 800 АКШ долларын түзөт. Бүгүнкү күнгө фонд тарабынан 389 миң 583 АКШ доллары каржыланды.

Мектептин курулушун аяктоо 2021-жылдын май айына пландалууда.