Жаңы Башмыйзамда мамлекеттик, улуттук идеологияны жүргүзүүгө багыт берүүчү, түздөн-түз ушул курсту кармай турган Мамлекеттик катчы кызматы кайра киргизилип жатат. Эми маселе – ушул кызматка тажрыйбалуу, дасыккан, улутман, кыргыз элинин рухий мурастарынан жакшы кабардар бир салмактуу адис келсе экен деп тилейли. Баары мамлекеттик идеологиядан башталат.

“Болору болуп, боесу канып”, шайлоо менен кошо референдум да өткөрүп тындык. Бул жолку шайлоо менен референдум катуу тиреш менен өттү. Баары мыйзам чегинде болгону менен көз караштардын кайым айтышы катуу эле болду. Бири караманча каршы чыкты, экинчиси өз жүйөлөрүн тизмектеп ушу Башмыйзам керек деди, айтор эл деген сел экен, Конституциянын жаңы долбоорун көпчүлүгү жактырды.
Эми жаңы Конституция – жаңы багыт – жаңыча жашоо башталат. Бир топ өзгөрүүлөр болот. Жоопкерчилик – Президентте. Эмки маселе – кадрлардын туура тандалышы. Сталин айтмакчы, баарын татыктуу кадрлар чечет.

Деп келип эле ушундай кызматка ким татыктуу деп саясатчыларды, серепчимин дегендерди, окумуштуулар менен илимпоздорду, мекенчилмин деп жүргөндөрдү тизмектеп келип, бири мамлекеттик кызматта дасыккан адис болсо, кыргыз элинин салт-санаасынан кабары жок, экинчиси рухий мурастарыбызды жакшы билгени менен мамлекеттик кызматта иштеп көрбөгөн болуп өзүнөн өзү эле электен эленип калат экен. Анан кыргыз элинин бар байлыгы болгон “Манасты” кастарлап айткан Сапарбек Касмамбетовдун баласы, кезинде Турдакун Усубалиевде жардамчы болуп, мамлекеттик жана коомдук ишмердин бар тажрыйбасын, акыл-насаатын боюна сиңирген Сүйүнбек Касмамбетов ойго келди. Бу кишинин кыргыз элинин көөнөргүс мурастарынын бири “Айтыш” өнөрүн аздектектеп, өлкөдө өткөрүлгөн айтыштарды куру кетирбей, барып сөз багып жүргөнүн көп эле көрүп жүрөбүз. Ажодон тайманбай ачуу чындыкты бетке айткан акындарыбызды урматтап, алардын айтыштарын калтырбай көргөн адамда кыргыз элинин салт-санаасын дагы жакшы билет десек жаңылышпайбыз.

Сурамжылап көрсөк, Сүйүнбек Касмамбетов өзү дагы комузда кол ойнотуп, күү четкен өнөрү бар дешет. Анысы ал болсун. Ал эми мындай ары жоопкерчиликтүү, ары түйшүктүү ишти алып кете алабы, бул жагына көңүл буралы. Анын интернеттеги өмүр-баянына көз салсак, тээ Усубалиевден кийин жалаң Жогорку Кеңештин Аппаратында иштеп, кийин Аппарат жетекчиси да болуптур. Азыркы Президент деле жөн адамды Президенттин Аппарат жетекчиси кылып алып келбептир да. Садыр Жапаровго ким сунуштаса да туура сунуштаптыр. Президенттин эң биринчи эле кол койгон Жарлыгы да элдин руханий адеп-ахлагын өнүктүрүүгө багытталганы да абдан туура болду. Албетте, мындай маанилүү Жарлыкты даярдоо Аппараттын ишин тескеген Сүйүнбек Касмамбетовдун көзөмөлүндө даярдалганы талашсыз. Дегеле бул эле эмес, андан аркы иштиктүү Жарлыктардын чыгышына да Касмамбетовдун салымы зор экени айтпаса да түшүнүктүү. Анын мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп, ар кандай интригаларга, саясатташкан окуяларга катышпаганын, коррупциядан алыстыгын, өз мээнети менен таза иштегенин аны билгендер айтып да, жазып да калышат.
Андыктан, Мамлекеттик катчы кызматына жогорудагыдай сапаттары менен Сүйүнбек Касмамбетов барса куп жарашып калчудай…