Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлиги «Манас» эл аралык аэропорту тышкы Татарстандын “Ядран” каржы компаниясынын башкаруусуна өткөндүгү жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирди.

Аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиргендей, алар Кыргызстанга базарды жана өздөрүнө ыңгалуу шартта  инвестиция тартуучу долбоорлорду изилдөө үчүн келишкен.

“Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда “Эл аралык “Манас ”аэропорту” ААКнын тышкы башкарууга өтүүсү жөнүндө пикирлер айтылууда. Белгилей кетүүчү жагдай, «Манас» аэропортун тышкы башкарууга өткөрүү маселеси каралбай калган жана каралбайт дагы «МАМ» ААКнын жетекчилиги тарабынан, анын ичинде «MAM» ААК жетекчилиги менен “Ядран” каржы компаниясынын жолугушуусунда да каралган эмес.

Учурда MAM ААКнын жетекчилиги инфраструктуранын натыйжалуулугун жогорулатуу, аэропорттун кирешесин көбөйтүү жана MAM ААК үчүн түз жана кыйыр кирешелерди камсыз кылуу боюнча жаңы иш-чараларды киргизүү үчүн инвестицияларды тартуу боюнча жигердүү иштеп жатат. Буга чейин Кытай, Түркия жана ички инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Ушул иш-чаралардын алкагында MC «ЯДРАН» (РФ) ЖЧК каржы компаниясынын жетекчиси И.Салихов менен жолугушуу болуп өттү.

«МАМ» ААКтын башкы директору Бакыт Шаршеев аларга компаниянын ишмердүүлүгүндө инвестицияларды талап кылган багыттар жөнүндө айтып берди. Атап айтканда, «Манас» жана «Ош» аэропортторунда жаңы учуу тилкелерин куруу жана эскилерин реконструкциялоо зарылдыгы жөнүндө пикирлер айтылды. “Ядран” Management Company LLC (RF) каржы компаниясынын башчысы И.Салихов менен сүйлөшүүлөр маалыматтык гана максатта жүргүзүлгөн.

«Ядран» ЖЧКсынын өкүлдөрү Кыргызстанга базарды жана өздөрүнө ыңгалуу шартта  инвестиция тартуучу долбоорлорду изилдөө үчүн келишти. «МАМ» ААКтын инфраструктурасынан тышкары, инвесторлор уюлдук байланыш жана энергетика жаатында кызматташуунун варианттарын изилдеп жатышат”, — деп айтылат Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы берген маалыматта.