Ош облусунун Өзгөн районунда дайынсыз болуп жаткан кыз Бишкектен табылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-апрель күнү Бишкек ШИИББинин «102» кызматына Жумабек жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде жашы жете элек кыз жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 2007-жылы туулган У.Н. аттуу кыз болгон. Ал 12-апрель күнү Ош облусунун Өзгөн районундагы үйлөрдүн биринен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, ички иштер органдары тарабынан изделип жатканы аныкталган.

Кызды кайгуул кызматы туугандарына өткөрүп берүү үчүн Свердлов РИИБине жеткиришкен.