Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров мэр Таалайбек Сарыбашовдун Бишкектеги VIP шаарчадагы хан сарайы делген үйү боюнча комментарий берди. 

Абсаттаровдун айтымына караганда, Temirov Live порталы жарыялаган иликтөөдөгү «хан сарай» Сарыбашовго жана анын жакындарына таандык эмес. Мэрдин бир тууган эжесинин үйү Бишкектеги башка даректе курулуп жатат.

«Мэрдин эжеси Бишкек шаарына үйү куруп жатканы чын. Бирок видеодогу үйдүн ага такыр тиешеси жок. Азыр мэр өзү да айтып жатат «бул видеону кандай адрес менен чыгарып жатат билбейм» деп. Эжеси менен жездеси бизнесмен. Орусияда иштеп келишкен. Бишкекте жашашат. Үй куруп жатышат экен. Бирок башка даректе. Мэрдин эжелеринин атындагы үй. Өзүнүн атындагы үй эмес»,- деди Абсаттаров.

Ал кошумчалагандай, Таалайбек Сарыбашовдун Алай районунун Гүлчө айылындагы үйүнөн башка жерде турак-жайы жок.

Эске салсак, кечээ Temirov Live порталы, 19-апрелде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовго таандык делген Бишкектеги VIP шаарчадагы хан сарай тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда Сарыбашовго таандык делген үй анын жээни Бурулкан Осмоновага катталганы айтылган.