УКМК тарабынан баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, КР ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын
аймагында «Мефедрон» аталышындагы синтетикалык дары-дармектерди
чыгаруу боюнча турукташкан баңги тобунун иши аныкталып ага бөгөт
коюлду.


Такталгандай, «А.И.» аттуу адамдын жетекчилиги астында дары-
дармектерди үзгүлтүксүз өндүрүү үчүн бардык талаптарга жооп берген дары
лабораториясынын иштөөсүн уюштуруу менен, жаштардын арасында
синтетикалык дары-дармектерди сатуу каналын түзгөн.
2021-жылдын 16-апрелинде атайын жүргүзүлгөн иштердин
жүрүшүндө, синтетикалык баңги заттарды өндүрүү ишинин жана аларды
өзгөчө ири масштабда сатуу аракеттеринде А.И. кармалды.

2021-жылдын 18-апрелинде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кармалган «А.И.» №1-тергөө камак жайына 2 айга камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Тергөө жүрүп жатат.

Маалымат үчүн:баасы 1 гр. Болгон “Мефедрон” Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында болжол менен 5000-6000 сомду түзөт, аны колдонуу адамдын өмүрү жана ден-соолугу үчүн сөзсүз кесепеттери менен нерв системасына терс таасирин тийгизет.