Канаты жок багынта албас дүйнөдөн,
Жараты жок, жаны бүтүн чыккан аз…
…Акынзаадам, ким өз бизге, ким бөтөн?
Жүрөгүңдү жүдөттүбү ит талаш?
(Жүдөттү го… Кай тарапты караба:
Карайган жол, жапыс асман, долу ызгаар.
Тагдыр, күйүт ташып жатат талаага,
Күүлдөгөн, үңүлдөгөн поюздар).
Акынзаадам, сенин канжар жүрөгүң,
Жараласа, жаралады бир сени…
Бүгүн дагы кай тагдырда түнөгүң?
Сенин жолуң кай доорлорго чиркелүү?..
Теңдеп, түздөп Теңир берген өнөрдүн,
Теңи бакыт, теңи шор го билгенге.
Көптүн ыры кылым ашпай көөнөрдү,
Көптөр күлүн үйө албады бир жерге.
Көптөр сынды, Улуу сөздүн жүгүнөн,
Көптөр сатты, ыйманын да, ырын да!
…Жасап, жалгап жалаң гана сүйүүдөн,
Оңой бекен, өмүр кошуу кылымга?…
Сөз дүйнөгө ордо болуу, ордого,
Оңой бекен күйүп турган от болуу?
…Канча жолу карайлаган жолдордо,
Сенин ырың бүт өмүргө окшоду…
Доорду доорго, кылымдарды кылымга,
Туташтырган тунук, улук добушум.
…Аңыз болуп айтса, айтылды бир ырда,
Айтылбаса – доордун деле жогу чын…
Доор өмүрүн сөз узартат, сөз сүрөйт.
Сүрөйт анан сендейлердин чындыгы!
Сен ырдасаң, бир кылымды өпкүлөп,
Жалган беле, жаркыганы бир кылым?
(Асмандайым, ак таңдайым, ак таңдай,
Көөнө сөздүн тамыры да, бутагы…
…Качандыр бир биздин дагы асманда,
Каркыралар катар бузбай учабы?…)
Жалгыздыкка жанын төшөп, көшөргөн,
Муң акыным, булбулум да, дулдулум.
Тагдырыңды өзүң гана көтөргөн,
Таразалап бере албайт ко бул кылым.
Жан дүйнөңдү өзүң гана көтөргөн,
Таразалап бере албастыр бул кылым…
Акын Нарсулуу Гургубаева