Социалдык тармактын колдонуучусу Нургуль Ырысбаева мамлекеттин бийликтин өкүлдөрүнө кайрылуу жасаган. Анда жабырлануучуга карата адилетсиздик менен жүрүп жаткан тергөө иштери жана кылмышка шектүүлөрдүн жазасын албай жатканы тууралуу айтылып, сот өндүрүшүндө акыйкат чечим болуусун көзөмөлдөп берүүсүн өтүнөт. Кайрылууну өзгөртүүсүз беребиз.

“Урматтуу калайык калк, жергиликтүү бийлик эгемендүү мамлекетибизде өз акчасына жана байланыштарына ишенип ур токмокко алып өлүм чегине жеткиргендер көбөйүүдө.

Сөз башынан болсун. Өзгөн районуна караштуу Шоро-Башат айылында 5-октябрь күнү түнкү саат 12лер чамасында иним Иметалиев Нурсултан Иметалиевичти чалып өзүн кел деп чакырышкан. Чакырган балдар Шоро-Башат айылынын тургундары Абдуллаев Кутмидин Нажимидинович (1988-ж.), Бабатаев Расул Маданович (1989-ж.), Көчөров Данияр Авазович (1994-ж.) ошондой эле Мырза-Аке айылынын тургуну Дөөлөтбек Ормонов (1984-ж.) болгон.  Бизге маалым болгондой Мырза-Аке айылынын атуулу Дөкү каймана аты менен таанымал болгон криминал дүйнөсүндө жүргөндөрдүн бири.

Иним жаманды ойлобой чалган балага жалгыз барып сүйлөшөм деген.  Жолдон 2 жолдош досторуна жолугуп алар шашлык жеп келүүнү сунуштайт. Иним чакырган балдарга жолугуп өтөм деген ойдо 2 досун алып алат. Алар машинанын артында болушат. Досторун машинадан түшпөөсүн суранат. Иним машинадан түшөөрү менен тапанчанын арты менен башка коюп жиберет. Ал башын кармаганда жапырт ур токмокко алышат. Эки баланын колунда тапанча (пистолет) ал эми берки балдардын колунда элекрошокер жана бита (бейсболдун таягы) болот. Машинанын артындагы  дос баласы Жапаров Нурали түшө калып алда алардын таягын жеп бети башы жарылганда күчү жетпесине ынанып,  качып Нурсултандын тагасын  жардамга чакырууга кетет. Ал эми экинчи досу Камчыбек у. Алимбек машинадан түшүп өз жанын ойлоп, көздөн кайым болгон.

Бул балдар инимди уруп гана тим болбостон өлтүрүү аракетин кылышкан. Досу Нурали тагасы Арстанбекти  чакырып келген убакта балдар качып кетишет.

Азыркы убакка чейин акылыбызга сыйбай келет. Айыл жериндеги балдарда кайдан тапанча??? Бул балдарды даярдап жана дайындап, заказ кылып колдоруна курал карматкандар башкалар!!.

Кырсык болуудан 15 күн мурда Ашим у. Сүймөнкул (1994-ж.) аттуу жигит инимдин досторуна «Нурсултанды чаап же атып кетет братандар» — деп айткан кебин ырасташууда.  Ал братандары  азыркы тапта акчалуу, байланыштарына ишенген Мамбетов Бакыт жана Насипов Алым.  Шамал  болбосо теректин учу кыймылдабайт демекчи, айыл эли мунун баары ушул экөөнүн гана заказы деген тыянакта.

Бирок далилдөөлөр жок. Братандар атына ээ болгон Бакыт менен Алым мойнуна албай танууга болгон аракеттерин жумшап жатышат.  Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат деген сөз бекеринен айтылган эместир…

Урган үч бала Насипов Алымдын өкүл уулдары.  Ал эми Алымдын өкүл атасы Мамбетов Бакыт.

Бакыттын өкүл атасы Жогорку Кенештин депутаты. Бул заказ кылган балдар өз акчаларына жана байланыштарына ишенип жаткан чыгаар. Бирок баары маалым болот.

Инимди чаап же атып кетчүү Бакыт менен Алымдын инициативасы экенин да далилдеп берүүнүздөрдү өтүнөбүз.

Урматтуу Прездент Садыр Нургожоевич, УКМнын төрагасы Камчыбек Кадыршаевич сиздерден өтүнүч, коррупцияга жол бербей, ар ким өз өкүл атасына жамынбай адилеттүү карап күнөөлүүлөрдү таап мыйзам чегинде жоопко тартышыныздарды өтүнөбүз.

Айыптуу балдардын үчөө Казакстандын чек арасынан кармалып, Ош шаарынын номер 25чи убактылуу кармоочу жайында отурушат.  Калган эркиндикте жүргөн жана заказ кылган балдарды да кармап тергөө системасын тездетип бериниздер.  Тергөө Өзгөн РОВДда каралып жатат. Бирок эч кандай жылыш жок.

Инимдин абалын төмөнкү сүрөттөрдөн жана видеодон көрө аласыздар.

Баштан оор травма алган. 3 жеринде гематома,  жаактары,  тиштери талкаланган, эриндери жыртылган жана он колунун манжалары сындырылган.

2020-жылдын 7- октябрьда ОМОКБ Нейрохирургия бөлүмүндө операция жасалды. Бүгүнкү күндө абалы оор бойдон калууда.

Судмедэксперттин жыйынтыгы боюнча,  жалпак тил менен айтканда  өлүмгө дуушар кылуу ниетте сабалган.

Күнөөлүүлөрдүн татыктуу жаза алышына, баардыгы мыйзам чегинде каралуусуна салымыныздарды кошуп көзөмөлдөп берүүнүздөрдү суранабыз…

Урматтуу Кыргыз калкым, Президент Садыр Нуркожоевич, УКМКнын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич, Башкы прокурор Курманкул Токторалыевич сиздерге кайрылуубуз аргасыздан. Жогоруда айтылгандай инимди урган балдарга эч кандай чара көрүлгөн жок. Бул макала резонанс болгонун баарыныздар билесиздер. Эжем 2020-жылдын ноябрь айында Мамлекеттик органдар тарабынан жакшы аракеттер болбогондугунан, баардык массалык маалымат каражаттарына чыгарган.

Бирок дале эч нерсе жок. Урган балдар Ош шаарына караштуу √25 СИЗОдо отурушат. Алардын адвокаттары жана туугандары кыжырды кайнатып уйдун туурун тешип күндө үйгө келишет, көрүнгөн өлчөмдөгү акчаны айтышып. Аларга бала керек, а бизге бала, ини керек эмеспи??? Алардан акча каражаты керек эмес. Бизге жөн жеринен, айыпсыз токмоктогон балдар өз жазасын алышсын. Же алардын адвокаты айткандай бирөөнүн буйрутмасын аткарып урган болушса ошол буйрутма бергендерди ачык айтса иним ойлонбой туруп, эч кандай акысыз арызын алат.

Урматтуу Президент, апам жесир аял сизге баруунун ар кандай жолун издеп санаасы санга бөлүнөт…

Урматтуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич коррупцияга жол бербейбиз деп гана айтасыз. 6 айдан бери Өзгөн РИИБси көрүнгөн шылтоону айтып жылдырып келүүдө. Акыркы убакта «ковид» шылтоосу. Той аштар өткөрүлгөн жерлерде жок, ал эми балдарды СИЗОдон алып келсе чыгып калабы???

Сот белгиленет ошол айтылган күнү биздикилер барат, бирок урган балдардын жакындары барбайт. Себеби алар эрте күндөн сот болбошун билишет. Бизде кайдан билет??? Суроо гана жаралат. Жадагалса биздин адвокат билбейт. Ал аябай чынчыл бала. Биздин адвокатты да четке жылдырып коюшуп алчуулары алаарын алып ар кандай шылтоо менен сотту жылдырып жатышат. Алардын көздөгөнү кар жаады, из басты кылуу…

Урматтуу Башкы прокурор Курманкул Токторалыевич сиз бул резонанс болгон окуядан кабарыныз бар. Урган балдардын Абдуллаев Кутмидин телохранителиниз, Көчөров Данияр водителиниз болуп  жүргөнүн билебиз. Кол ийрисине тартат болуп сиз буларды калкалап жүрбөнүз. Сиз да атасыз!!! Баланыз менин инимдин акыбалына түшкөндө жараштыруунун айласын издебей ал балдардын жазасын катырмаксыз. Сизди Башкы прокурор Кыргыз элинин намысын коргоочу адам деп билебиз. Эч убакта аларды калкалоочу болбоңуз. Ар бири колу менен кылганды башы менен жооп беришсин. Коррупция куч алган үчүн сиздерге айласыздан кайрылып жатам.

Урматтуу бийлик өкүлдөрү, сиздерден акыйкатты гана талап кылабыз жана суранабыз. Ар бир өткөн күн иним үчүн чон жоготуу. Больницага жат леченияга десе сот бутсун деп гана коет. Жаак талкалангандыктан азыр тиш салууга уруксаты жок. Нанды тандайы менен соруп жейт. Ичкени атала. 30 жаштагы жигит үчүн кандай ар намыс жана кордук экенин билесиздер. Биз инимдин үшкүрүгүнөн жана сыгылганынан түгөнүп бүттүк.

Урматтуу бийлик өкүлдөрү, сот өндүрүшүн тездетип акыйкат жолу менен чечим кабыл алып бериниздер…” – жазылат кайрылууда.

Сүрөттөр Нургул Ырысбаеванын өздүк баракчасынан алынды.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=2438947673079233&id=100008920729080