Чүйдө 7 жаштагы өспүрүмдүн денесине залал келтирди делген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-апрель күнү Ысык-Ата РИИБине Люксембург айылынын 1992-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 18:30 чамаларында 7 жаштагы өспүрүм баласын аталган айылдагы дүкөндөрдүн биринин алдында белгисиз бирөө денесине залал келтиргенин жазган.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-беренеси «бейбаштык» менен катталган.

Издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы окуяга шектүү 1994-жылы туулган жаран кармалган. Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кармалган бала убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.