Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, анын ачылышына саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев катышып, кызыл тасмасын кести. Андан кийин оорукананын имаратындагы шарттар менен таанышып чыкты.

100 орунга ылайыкташкан оорукананын курулушу 1 жыл мурда башталган. Оорукананын эски имараты дагы оңдоп-түзөөдөн өттү. Министр А.Бейшеналиев COVID-19 илдети шайлоодон кийин бардык аймакта көбөйгөнүн айтты.

«Буга чейин оор күндөрдү өткөрдүк. Шайлоого чейин бул оору аз болчу. Бирок шайлоодон кийин ооруган адамдар көбөйдү. Дагы көбөйүшү мүмкүн. Азыр бардык стационарларда дары-дармектер бар. Азыр адамдар өткөн жылдагы күндөрдү унутту. Талаптарды сактабай жатат. Тойлорду өткөрүп, 400-500 адамды конок кылып чакырып жатат. Биз бул ооруну жеңиш үчүн 2 жол бар. Дарыгерлердин айтканын так аткарып, эмдөөдөн өтүшүбүз керек», — деди ал.

А.Бейшеналиев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, уу коргошун дарысы Ошто дагы колдонулуп жатканын айтты.

«Миңдеген кишиге колдондук. Ош шаарында колдонуп жатат. Жалал-Абадда колдонуп жатат. Ошко дем алыш сайын жөнөтүп жатабыз. Түгөнүп калды деди, дагы алып келип жатабыз. 3-4 күндө айыгып кетип жатат», — деди ал.

Булак: Турмуш.кж