Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуусунда кар жаап, бийиктиги 15 сантиметрге жетти. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, учурда жолду кардан тазалоо иштери жүрүп жатат.
» Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында 20-апрелден 21-апрелге караган түнү кар жаап, кардын бийиктиги 10дон 15 смге чейин, ДЭУ 9 жана 23 кызматкерлери инерттик материалдарды кошуу жана тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө. Унаалардын коопсуз өтүүсүн камсыз кылуу үчүн керектүү шаймандар тартылган.
Айдоочуларды сак болууга чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.