Өлкөдө акыркы суткада, жугуштуу пневмония жана COVID-19дун 306 жаңы учуру аныкталып 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Ага ылайык, Бишкек шаарында 203,
Ошто 5,
Чүйдө 52,
Ош обл 11,
Таласта 1,
Нарында 4,
Ысык-Көлдө 16,
Жалал-Абадда 10,
Баткенде 4 учур катталган.
2020-жылдын март айынан бери республикада жугуштуу пневмония жана COVID-19 оорусунун 92 миң 626 учуру катталды.
Коронавирустан акыркы суткада төрт адам каза болду.
Алар, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда экиден өлүм катталды.
2020-жылдын март айынан бери республикада 1561 адам каза болду.