Биринчиден, ошол көз жумган Айзада карындашыбыздын ата-энеси, жакындарына көңүл айтабыз. Ар бирибизде бала бар, мындай окуя эч кимдин башына түшпөсүн жана мындан ары кайталанбасын демекчибиз. Болуп өткөн окуя боюнча ИИМ өз учурунда чара көрүп, кызматына шалаакылык менен мамиле жасаган кызматкерлерди жумуштан алды, кесиптештеринин жумуштан алынышы башка кызматкерлерге каттуу сабак болду. Окуя ушуну менен аякташ керек эле. Өкүнүчтүүсү бирөөнүн өлүмүн, бирөөнүн кайгысын кимдир-бирөөлөр өз кызыкчылыгына пайдалангандай. Ооба, бизде сөз эркиндиги, адам укугу, эркин көз караш, ачык ой айтуу дегендерге жол ачык. Бул жааттан алганда ар ким өз пикирин айтууга укуктуу. Бирок, талап кылган нерсе негиздүү жана мыйзам чегинде болууга тийиш деп ойлойм.
Мындай окуянын катталышына биринчи кезекте ошол бүгүн адам укугун коргойбуз деп, алты кишини ээрчитип келип, митингге кайра-кайра чыгарып кыргыз коомчулугун бүтүн элге уяткарып жаткан бейөкмөт уюмдардын бир кездеги катуу кийлигишүүсүнүн натыйжасында 2017-жылы өзгөртүлгөн мыйзамдын мөмөсү экенин баарыбыз түшүнүп турсак керек. Дал ошол жылы кабыл алынган мыйзамдар бүгүн милициянын эркин иштешине, кылмышкерди өз учурунда кармап, эл жерине кызмат өтөшүнө тоскоолдук жаратып жатат.
Ар бир милиция кызматкери жумушка киришип жатып эл жериме, мекениме ак кызмат кылсам, ак сакал аталардан каргыш, сөгүш эмес, ак батасын алсам деп ниет кылат. Катталган бир кылмыш үчүн бүтүн милициянын аброюн кетирүү, ИИМдин жетекчиси Улан Ниязбековду жумуштан алуу калыстыкка жатпайт. Алардын укугун ким коргойт? Аларды ким колдойт?
Өсүп, өнүгүү үчүн туруктуулук керек, бардык жерде жана бардык тармакта ушул нерсе талап кылынат. Туруктуулук болбогон жерде алга жылуу жана өсүп өнүгүү жөнүндө сөз кылуу, көлчүккө кайырмак салып, балык күткөн менен барабар. Мен муну эмнеге айтып жатам, бүгүнкү иштеп жаткан министрдин да кызматка келип иштеп баштаганына аз гана убактыттын жүзү болду, эми гана кимдин кандай иштеп, кимдин эмнеге жөндөмдүү экенин билип, ички структура менен жакындан таанышып, иштеп баштаганда аны жумуштан кетсин дегибиз туура эмес.
Бүгүн биз баарылап сөгүш берип, жакалап жаткан милиция улан-кыздар ошол өзүбүздүн карапайым энеден туулуп, эл арасынан чыккан жигиттер экенин унутпашыбыз керек. Алардын ишине тоскоол болуп, митинге чыгып, чыр-чатак чыгаргандын оордуна, алакага келип, жумушун жеңилдеткидей шарт түзүп, коргоого тийишпиз. Кудай сактасын, эртең башыбызга иш түшүп, кыйынчылыкка кептелгенде, кол сунуп, коргоого алаар кайрадан эле милиция кызматкери болоору айдан ачык эмеспи.
Калыбек Кыдыкбаев, Нарын ОИИБдин ардагерлер кеңешинин төрагасы