«Бир Бол» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев депутаттык мандатынан ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, Жумалиев буга чейин депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча өтүнүч келтирип арыз жазган. БШКнын мүчөлөрү бир добуштан арызды канааттандырды.

Жумалиевдин ордуна «Бир Бол» партиясынан кезекте турган Аманкул Токтомамбетовго депутаттык мандат жана төш белги ыйгарылды.