Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңеште «“Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору 3-окууда каралды.

Анда, депутат Сагындык Келдибаев Билим берүү министринин орун басарына Нурлан Өмүровго кайрылып Өзгөн районунда канча проффессионалдык-техникалык окуу жайы бар экенин сурады. Буга министрдин орун басары: «Өзгөн району боюнча канча окуужай бар экенин айта албайт экенмин, бирок мен сизге Жалал-Абад облусу боюнча айтып берейин», — деген Нурлан Өмүровдун сөзүн депутат кайрадан бөлүп, «Өзгөн Жалал-Абад облусуна карайбы?» деп суроо салды. Буга министрдин орун басары «Баткен облусуна карайт» деп жооп берди. «Министрдин орун басары Өзгөн районунун кайсы облуска карарын билбейби?» деп нааразы болгон депутатка Өмүров «мен механикалык түрдө эле адашып алдым» деген жооп узатты.