Катуу жааган жаандын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жашасын, Жаңы-Булак айылдарында сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы  кабарлады.

Маалыматка ылайык, селдин кесепетинен Талаа-Булак жана Көк-Булак айылдарынын ички чарбалык унаа жолуна, көпүрөгө зыян келтирилген.

Тактоо үчүн жерине Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.