Энергетика тармагы боюнча эксперт Эрнест Карыбеков Токтогул ГЭСтеги суунун көлөмү тууралуу пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Ашыкча эч нерсе жок, жөн гана фактылар: 2021-жыл Токтогул суу сактагычын толтуруу үчүн азыркы президент С.Н. Жапаров Өзбекстан жана Казакстан менен Кыргызстанга бекер 1,6 миллиард кВт саат электр энергиясын жеткирүү боюнча макулдашты. Жапаровго чейинкилер, Токтогулду бошотушкан. 2014-жылы А. Атамбаев Казакстандан эң кымбат электр энергиясын 1 кВт саатына 9,5 АКШ центтен сатып алды. 1 миллиард кВт / саат көлөмүндө, жана калк үчүн тарифти 300% көтөрд!!! Анын үстүнө, ал өзү – Атамбаев ортомчулары аркылуу ошол эле Казакстанга 1 кВт саатына 2,8 АКШ центтен белгиленген көлөмдөн ашыкча экспорттоп, сууну “кургаткан”. 2010-жылдын октябрь айында өлкөнүн башкы суу чарба курулуштары толук кубаттуулукта толукталган. Бир сөз менен айтканда, Атамбаев элди да, өлкөнү да акылсыздык менен тоноп кетти!” — деп жазды эксперт Карыбеков.