Казакстандын Жамбыл облусу аркылуу өткөн «Бишкек—Талас—Бишкек» транзиттик каттамы жандандырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Казакстан өкмөтү Кыргызстандын Бишкек шаарынан Талас облусуна жана карама-каршы багытта, Казакстандын Жамбыл облусу аркылуу бара жаткан жүргүнчү ташуучу унаалардын транзиттик өтүүсүн калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Бул чечим Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин ортосундагы 2021-жылдын 2-мартында мамлекет башчысынын Нур-Султан шаарын болгон мамлекеттик сапарынын алкагында болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн жана 2021-жылдын 2-апрелинде Казакстандын Жамбыл районундагы Кордай айылында өткөн казак-кыргыз Өкмөттөр аралык кеңешинин 9-жыйынынын жүрүшүндө Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов менен Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин ортосунда жетишилген макулдашуусунун натыйжасы болуп саналат.

Буга чейин, 2020-жылдын 16-мартынан баштап, «Бишкек—Талас—Бишкек» маршруту боюнча Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу жүргүнчүлөрдүн кыймылы казак тарабынан коронавирус пандемиясына байланыштуу токтотулган.

Ушуга байланыштуу, кыш мезгилиндеги аба ырайынын жагымсыз шарттарын, ошондой эле тоолуу аймакта эки ашуу аркылуу өткөн жолдун узактыгын эске алуу менен, Талас облусунун калкынын мобилдүүлүгү минималдаштырылды, Бишкек жана Талас шаарларынын ортосундагы транспорттук байланыштар иш жүзүндө токтоп калды, Талас облусуна жүргүнчүлөрдү ташуу, анын ичинде оорулууларды, карыларды жана балдарды ташуу процесси татаалдашты.

Кыргыз тарап Казакстанга COVID-19 пандемиясынын учурунда Кыргызстандын калкына көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирет.