Кыргызстанда битир садаканы эми мечитке барбай эле берсе болот.
Бул үчүн муфтият банк, терминал жана электрондук капчык аркылуу төлөмдөрдү кабыл алган система иштеп чыкты. Базада 4 бөлүм бар, алар, кайрымдуулук, орозо фитр, зекет жана жетимдер. Система жыл бою иштей турганын мусулмандар дин башкармалыгынан маалымдады.
Эсепке түшкөн каражат жергиликтүү мечиттерге, облустук жана райондук казыяттарга берилсе, азыраак бөлүгү муфтиятка которулат. Белгилей кетсек, быйыл битир садаканын көлөмү киши башына 40 сомдон туура келет.
Булак: Биринчи радио