Коом

Таласта милиция кызматкерлери кыз ала качууну алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө

Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери студенттер арасында кыз ала качууну алдын алуу жана болтурбоо боюнча ар кандай маселелерди камтыган тегерек стол уюштурду.

 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Талас облусу боюнча өкүлү Жакшыгул Узакбаева, Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Талас обласундагы өкүлчүлүгү, ички иштер кызматкерлери жана колледждин студенттери катышышты.

Тегерек столдун башталышында атайын даярдалган видеоролик көрсөтүлүп, студенттер аразында кызуу талкуу болду. Студенттердин суроолоруна компетенттүү адамдар жооп берип, кыз ала качуу кылмыш экендиги жөнүндө кенен түшүндүрмө беришти. Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери мыйзам боюнча ала качууга кандай жазалар каралганын, укуктук тартип боюнча кандай чара көрүш керек экендиги жөнүндө маалыматтарды берип, студенттердин ар бир суроосу жоопсуз калган жок. Ошол эле учурда милиция кызматкерлери адам укуктарына каршы жасалган кылмыштар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Тегерек столдо ар кандай маселелер көтөрүлүп, жаштар кылмыштуулукка каршы жана ар бир адам бактылуу болууга акысы бар экендигин билдиришти. Облус аймагында кыз ала качууну алдын алуу жана болтурбоо боюнча профилактикалык иш-чаралар уланууда.

Талас ОИИБнин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button